Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 34
“Сыйлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнү “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик сынагынын 2017-жылдын жыйынтыгы менен жетүүгө кыйын, тоолуу жана чек арада жайгашкан айыл өкмөттөрдүн арасынан 3-орун Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнө 500 000 сом акча каражаты ыйгарылгандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгегин баалоо максатында акчалай каражаты менен сыйлоону айылдык кеңеш талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнү “Эң мыкты айыл өкмөтү” мамлекеттик сынагынын 2017-жылдын жыйынтыгы менен жетүүгө кыйын, тоолуу жана чек арада жайгашкан айыл өкмөттөрдүн арасынан 3-орун Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнө 500 000 сом акча каражаты ыйгарылгандыгына байланыштуу, Покровка айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин 193 000 сом акча каражаты менен сыйлоого (статья 21111- 165 000 сом жана ст.2121- 28 000 сом ) уруксат берилсин.
2. КЭБ башчысына (К.Жунусбаев) акча каражатын которуу жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Т.Садыков |