Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-декабры № 35
“Ысым ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын кыргыз күрөшү боюнча “Спорт чебери” Эл агартуусунун, маданиятынын, дене-тарбия жана спортунун отличниги Мазиев Туратбек Абдыкадыр уулунун кайрылуусун талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын кыргыз күрөшү боюнча “Спорт чебери” Эл агартуусунун, маданиятынын, дене-тарбия жана спортунун отличниги Мазиев Туратбек Абдыкадыр уулунун кайрылуусу канаттандырылсын.
2. Покровка айылындагы райондук стадионго “Манас-Атанын” ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго жүктөлсүн.
Төрага | М.Т.Садыков |