Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 1
“Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жана муниципалдык менчикте турган авто- транспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө” типтүү жобону бекитүү жөнүндө”
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы кезексиз 17-сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 5-ноябрындагы №136 каты менен келген 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 01-18/41 буйругунун негизинде келген типтүү жобону карап чыгып , талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жана муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2.Бекитилген жобонун негизинде түзүлгөн туруктуу комиссияга жобонун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлгө алуу айыл өкмөттүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.
4.Бул токтом райондук “Айыл жарчысы” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |