Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 2
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн усулдук колдонмону бекитүү жөнүндө”
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2018-жылдын 12-декабрындагы кезексиз 17- сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 5-ноябрындагы №136 каты менен 2018-жылдын 6-майындагы № 01-18/56 буйругунун негизинде келген усулдук колдонмону карап чыгып , талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык –экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн усулдук колдонмо бекитилсин.
2.Бекитилген усулдук колдонмонун негизинде түзүлгөн жумушчу топко колдонмонун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу жана көзөм өлгө алуу айыл өкмөттүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.
4.Бул токтом райондук “Айыл жарчысы” гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |