Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-апрели № 1
Жалал-Абад регионалдык Айылдык Консультациялык Кызматынын кайрылуу- сунун жана Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад регионалдык Айылдык Консультациялык Кызматынын маалыматы эске алынсын
2. Жалал-Абад регионалдык Айылдык Консультациялык Кызматына турак жай салуу үчүн 3-04-03-0006-1061 жана 3-04-03-0006-1062 идентификациялык номерлери менен берилген 771 кв.м жер тилкелеринин максаттуу багыты соода логистикалык борбор курууга өзгөртүлсүн
3. Достук айыл аймагына соода-логистикалык борбор курулушуна колдоо көрсөтүлсүн
4. Тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Ноокен райондук архитектура айыл жана шаар куруу, Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан суралсын
5. Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматынын ишкердик жүргүзүүсү айыл өкмөтүнүн көзөмөлүнө калтырылсын
Төрага | Э. Мансиркулов |