Редакцияот 26.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 26-апрели № 2

Көп жылдан бери жер салыгын төлөбөй жүргөн жарандардын салыктарын өдүрүү жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн аймагында жер мыйзамдарынын принциптерин сактоо максатында Жер Кодексинин 3- жана 66-беренесинин, Салык Кодексинин 334-336- беренесинин негизинде, Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жер үлүшүн, жер участогун, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануучу- жер салыгын төөлөчү болуп таанылсын

2. Жер салыгын мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө төкпөсө, жер участогунун максаттуу багытын бузуу менен пайдаланса, айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбаса, айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун беш жыл боюу максатуу багытында пайдаланбаса Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жерин алып коюу иштери жүргүзүлсүн.

3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн

 

Төрага

Э. Мансиркулов