Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-апрели № 3
КРнын ЖӨБ жөнүндөгү жана КРнын жайыттар жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык Достук айылдык кеңешинин XXI сессиясы күн тартибинде маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Килем-Ата”жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекилсин: 2019-жылга бир сезонго жогорку жана жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү:
а) жылкы бир баш үчүн – 130 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 130 сом,
в) кой, эчки бир баш үчүн – 30 сом
3. Жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү
а) жылкы бир баш үчүн – 70 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 70 сом,
в) кой, эчки бир баш үчүн – 15 сом,
4. Башка райондордон келген жогорку жайытты падалангандар үчүн
а) жылкы бир баш үчүн – 100 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 100 сом,
в) кой, эчки бир баш үчүн – 20 сом,
5. 2018-жылга Достук айыл аймагыбыздагы чабандарга,жайлоодо мал-койлорду бакканы үчүн элдердин төлөмдөрү 1 айына төмөнкүдөй бекитилсин:
а) кара мал,жылкы бир баш үчүн – 300 сом,
б) кой, эчки бир баш үчүн – 80 сом,
в) козу, улак бир баш үчүн – 80 сом,
6. Чабандарга жоготкон мал жандыктарын төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
7. Чабан менен мал ээсинин ортосунда келишим түзүлүп,жогорудагылар келишимде эске алынсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Килем – Ата” жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевке милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Мансиркулов |