Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-апрели № 6
Ош-Бишкек жолунун жээгинде айыл өкмөтүнүн дыйкандары жашылча жемиштерин сатууда жол транспортторуна тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгына байланыштуу Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкандар убактылуу соода сатык иштерин Тубай дыйкан чарбасынын шыйпанында жүргүзүүсүнө макулдук берилсин
2. Убактылуу соода сатык иштерин жүргүзүүсүн көзөмөлдөө үчүн төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин:
-Б.Шыгаев-айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын төрагасы
-Н.Абдышов-Салыкчы-комиссиянын мүчөсү
-М.Маманов-айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү
-Н.Жолдошов- айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү
-Н.Ташбаев-айыл башчы- комиссиянын мүчөсү
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн орун басарына жүктөлсүн
Төрага | Э. Мансиркулов |