Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы № 7-8-6
Майлуу-Суу шаардык өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүнүн башчысы А.А. Аккуловтун кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ⅤⅠⅠⅠ-чакырылышынын ⅤⅠⅠ-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы А.А.Аккуловтун доклады жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн имаратынын айланасын тосуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 тонна цемент сатып алууга 60,0 (алтымыш) миң сом жана атайын техника туруучу бокстун дарбазасын алмаштырууга 50,0 (элүү) миң сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэри Н.А.Маматовго жүктѳлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жана шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |