Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-майы № 7-8-7
Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар жана аялдар кеңештеринин жыйындарында кабыл аынлган чечимдерин, мэриянын кайрылуу-катын (07.03.2019ж. №01-14/440 Маматов Н.) угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ⅤⅠⅠⅠ-чакырылышынын ⅤⅠⅠ-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын аксакалдар жана аялдар кеңештеринин жыйындарында кабыл алынган чечимдери эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаар аймагында төмөнкү көрсөтүлгөн каада салтка айланган ысарапкерчиликтерге тыюу салынсын:
1)-маркум өткөн күнү чоң карамал же болбосо жылкы союга жана аш берүүгө;
2)-маркум өткөн күнү, маркумдун туугандарына кийит кийгизүүгө;
3)-кечки саат 19-00-дөн тартып спирт ичимдиктерди сатууга;
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.Маматовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарына (П.Ч.Ырысбаев) жана социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына (К.С.Базарбаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |