Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2019-жылдын 4-марты № 1
Ак-Турпак айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижара акы төлөмдөрү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Кожоевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун мөөнөтү бүткөн жерлерин аукционго коюлуучу 1 (бир) га жер аянтынын баштапкы баасы 10 000 сомго бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2019 – жылдын бюджетиндеги дефицити 2018-жылдын 22-декабрындагы белгиленген 3 млн 830,0 сом ижара акы, жер сатуу, жана башка салыктардын түрлөрүнөн толукталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак – Турпак айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |