Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2019-жылдын 4-марты № 6
КРӨнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында Адрестүү каттоонун геомаалыматтык системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу жана Чоң – Кара, Токой жана Калача айылдарынын айыл башчысы Ж.Абдивалиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң – Кара, Токой жана Калача айылдарындагы аты жок көчөлөргө Чоң-Кара-3 тупик, Токой – 4 тупик, Галча – 2 көчөсү жана Галча – 3 тупик аталыштары бекитилсин.
2. Иш кагаздарын даярдап берүү жагы айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |