Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Турпак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2019-жылдын 4-марты № 7
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкуулоо боюнча жумушчу топтун төрагасы, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Сатыбалдыевдин маалыматын жана Ак-Турпак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Ак-Турпак айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соң Баткен облусунун юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жана Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Төралиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |