Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-декабры № 11
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн социадык экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында Рават участкасындагы айыл өкмөтүнүн КБФнун 55га кайрак жер участкасын аукцион аркылуу ижарага берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Рават участкасындагы кайра бөлүштүрүү фонунун 55га кайрак жер участкасын баштапкы баасы 1га үчүн 100 сомдон, 15-жылга аукцион аркылуу ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин аукцион аркылуу ижарага берүү жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия жер маселеси боюнча комиссия курамына жүктөлүн.
Төрага | С. Анаров |