Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-декабры № 14
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын элдеринин турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү үчүн жана Тажик Республикасы менен болгон чек араны бекемдөө максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын күн батыш тарабынан 9,6га жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин, анын ичинен ар бир атуулга 0,10га дан жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Улул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия жер маселеси боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | С. Анаров |