Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-декабры № 106
КРнын Финансы министирлиги тарабынан Түрткү берүүчү гранттар жобосуна ылайык мурдакы шаардык кеңешинин № 96-токтомунда көрсөтүлгөн өздүк салым боюнча: -проектдеги сметалык сумманын туура эмес көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Аңкур-Сай участкасына түнкү жарыткычтарды орнотууга Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 96 токтомунда көрсөтүлгөн 1437 735(бир миллион төрт жүз отуз жети миң жети жүз отуз беш)сом акча каражаты 1 315543 (бир миллион үч жүз он беш миң беш жүз кырк үч) сом акча каражатына, ал эми сметалык долбоордун 30% өздүк салымды төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 437 735(төрт жүз отуз жети миң жети жүз отуз беш) сом акча каражаты 438543 (төрт жүз отуз сегиз миң беш жүз кырк үч) сом акча каражатына өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |