Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 109
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кадамжай шаардык мэриясынын каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өзүн өзү башкаруу мыйзамынын 18-беренесинин 4-тайпасынын негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинде 2019-жылдын 1-январына негизги каражаттан 1738,8 миң сом, атайын каражаттан 1108,9 миң сом, жалпысынан 2847,7 миң сом калдык болгон акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:
Бюджеттик каражаттын эсебинен:
· 2111 Эмгек акына – 49,4 миң сом;
· 2121 Соц фондко 7,3 миң сом;
· 2231 Электро энергияга – 79,0 миң сом;
· 3112 Машиналар жана жабдууларга (жеңил авто унаа сатып алууга) 750,0 миң сом;
· 3112 Машиналар жана жабдууларга 38,0 миң сом;
· 2512 Субсидия – 815,1 миң сом. Кредитордук карыздарды жоюу максатында. (Тиркеме тиркелет)
Атайын каражаттын эсебинен:
· 2218 Тамак-аш азыктарын алууга – 355,7 миң сом
· 3111 Башка курулмаларды курууга. (Кара-Жантак участкасындагы суу түтүктөрүнө, электр линияларга, жолдорго ) – 753,2 мин сом. (Тиркеме тиркелет)
2. 3111 статьясындагы акча каражаттары Кара-Жантак участкасынан жеке турак жай салуу үчүн жер тилкесин алган жарандардын макулдугу менен иштетилсин.
3. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу жагы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |