Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-марты № 110
Кадамжай шаардык мэриясынын 2019-жылдын 22-февралындагы 1-65 номери менен чыгышталган кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын футбол боюнча командасына Кыргыз Республикасынын футбол лигасыга кирүү үчүн бирдиктүү төлөмгө 150,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |