Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-апрели № 115
Кадамжай шаардык кеңешинин Регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кадамжай шаардык кеңешинин Регламентинин IV- главасындагы 16-берененин 2- обзацы төмөнкүдөй өзгөртүлсүн;
“Эгер шаардык кеңештин депутаттарнын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгү катышса шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп саналат”.
2. Кадамжай шаардык кеңешинин Регламентинин 21 беренеси толугу менен төмөнкүдөй болуп өзгөртүлсүн:
а) эгерде шаардык кеңештин төрагалыгына бир талапкер бюллетенге киритилип шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушун ала албаса, жаңы талапкер көрсөтүү менен кайра шайлоо жүргүзүлөт;
б) эгер 2 талапкер бюллетенге киритилип бири да жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун ала албаса, эң көп добуш алган бир талапкер боюнча шайлоонун экинчи туру откөрүлөт.
Эгерде эки талапкер депутаттардын бирдей добушун алып калса жаңы талапкер көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөзүлөт;
в) эгер экиден ашык талапкер бюллетенге киргизилген болсо, бири да тиешелүү добушту ала албаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкер менен добуш берүүнүн экинчи туру өткөзүлөт;
г) эгер добуш берүүдө талапкерлерге караганда депутаттардын көпчүлүгү «Баарына каршы» позициясы үчүн добуш берсе, жаңы талапкер көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөзүлөт;
д) депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер төрага болуп шайланды деп саналат.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Ураимов |