Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-апрели № 119
Кадамжай шаардык кеңеши КР эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жала-Абад жана Баткен облустары боюнча аймак бөлүмүнүн Кадамжай шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 1-январынан тарта 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча мэрия жана мэриянын түзүмдүк бөлүктөрү, жайыт комитети жана “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканалары тарабынан бир топ каржылык чектен чыгууларга жол берилгендигин талкуулап чыгып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кадамжай мериясы тарабынан бир айлык мөөнөт ичинде аудиттик текшерүүдө көрсөтүлгөн кемчиликтер жоюлсун.
2. Атайын каражаттарды казына тутумун кыйгап өтүү жолу менен мыйзам бузган электро энергияны пайдалануунун эрежелерин сактабаган жана бюджеттик жоготууларга жол берген Кадамжай шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине катуу чара колдонуу жагы Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Ураимов |