Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-апрели № 120
Кадамжай шаардык кеңеши “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын 2-апрелиндеги “Эскилиги жеткен автоунаалардын жараксыз болгондугуна байланыштуу аларды жокко чыгаруу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып, шаардык кеңештин 2015-жылдын 10-сентябрындагы 42 номериндеги токтомдун негизинде депутаттар корпусу алмашкандыгын эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын эскилиги жеткен автоунааларды жокко чыгаруу боюнча түзүлгөн комиссиясы жоюлуп, төмөнкү депутаттар комиссия курамына киргизилсин;
1) Дастиров Кубаныч
2) Кудайбергенов Авазбек
3) Шакирова Хабиба
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э. Ураимов |