Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 123
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңешинин сессиясы белгилейт.
2018-жылда 2018-2022-жылдагы туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган Программасын аткаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп, 2018-жыл ичинде шаардагы өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субьекттери, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ натыйжалуу иштерди алып барышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” Жарлыгын аткаруу максатында 2018-жылга карата шаардык кеңеш менен биргеликте атайын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы кабыл алынып, программага 68 иш-чара кабыл алынып, социалдык тармак боюнча бардык иш-чаралар аткарылган. Ал эми курулуш тармагында 12 иш-чара кабыл алынып, алардын 9 аткарууга алынган. Программадан сырткары курулуш жана башка тармактар боюнча 17 иш-чара ишке ашырылган.
2017-жылы жергиликтүү бюджет 49073,5 миң сомго белгиленип, иш жүзүндө 45577,7 миң сомго аткарылып, 92,9 пайызды түзгөн болсо, 2018-жылы план 51402,9 миң сомго белгиленип, 53801,3 сомго аткарылып, план тапшырма 104,7 пайызга аткарылган.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июнундагы № 101 мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна негиз Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана божомолдонгон негизги көрсөткүчтөрүнүн 2018-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевдин отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин:
- макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн керектүү чараларды колдонуу жана инвестицияларды тартуу жагы;
- шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында киреше булактарын аныктап, иш-чараларды иштеп чыгуу жагы;
- шаардагы муниципалдык мүлктүн (калктуу конуштардын жалпы пайдалануучу жерлердин) реестрин 1 айлык мөөнөт ичинде түзүү жагы;
- Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 66, 67, 68, 78 (2 пункт) беренелерин бузуу менен жеке жактарга сатылган жерлерди мэрияга кайтаруу жагы;
- шаардын социалдык инфраструктурасын өсүп өнүгүүсү үчүн жергиликтүү бюджеттин жетишсиздигин эске алып, аны толуктоо максатында, түрткү берүүчү гранттарды тартууну активдештирүү жагы;
- шаардын аймагындагы токтоп турган өнөр жай ишканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды ишке киришин аныктоо үчүн жогорку инстацияларга кайрылып, ишке киргизүү же башка инвенсторлорду тартуу жагы;
- шаардын тургундарын, чарбалык субьектерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен, айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жагы;
- үлгүлүү, бекем үй-бүлөлөрдү көбөйтүү максатында үй-бүлөлүк спорттук мелдештерди уюштуруу; шаарда спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү; жаштардын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн, жаштарды спорт жана дене тарбия менен машыгууга тартуу жана аларга спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүү жагы;
- шаарда укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана шаардагы коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү жагы;
- шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун толтуруу жана аларга жөлөк пулдарды чегерүүдө, санатордук-курорттук дарыланууга муктаждарды аныктап, балдарды жайкы эс алуусун уюштуруп, сүйүнчүлөрдү берүүдө орун алган кемчилдиктерди четтетүү, шаардын калкын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагы;
- билим берүү тармагында мектептерге жана балдар бакчаларына балдарды кабыл алууда “Электрондук кезек” системасын киргизүү жагы;
- Кадамжай кыргыз лицейинде жана түрк лицейлеринде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жакшы окуган балдарын жеңилдетил ген шартта окутуу үчүн тизмелерди даярдап, шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча комиссиясынын макулдугу менен киргизүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасы Э.Ураимовко тапшырылсын.
Төрага | Э. Ураимов |