Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы № 37
Кара-Бак айыл аймагынын айыл башчылары Ж.Калматов, Д.Райымов, Т.Каламбековдун өз айылдарында жүргүзүп жаткан иштерин угуп Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бай Кара-Бак айылынын айыл башчысы Ж.Калматовдун кылган иштери алгылыктуу деп табылсын.
2. Чет-Кызыл айылынын айыл башчысы Д.Райымовдун жана Дөбө айылынын айыл башчысы Т.Каламбековдун аткарган иштери айрым кемчиликтер менен канааттандыраарлык деп табылсын.
3. Айыл өкмөтү айыл башчыларды баалоодо тийиштүү критерий түзүп, баалап, өзгөчөлүктөрүн кемчиликтерин жылдык отчетуна кошуп даярдасын.
4. Айыл башчылар өз айылына инвестиция тартуу боюнча катуу иштештерди пландуу түрдө жүргүзүүсүн көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |