Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы № 40
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну Абдуллаев Алишер Халилович өз арызы менен 06.05.2014-жылы №02.01-8/23 сандуу токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтынан баш тарткандыгына байланыштуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын тургуну Абдуллаев Алишер Халилович Кызыл-Бел айылындагы 06.05.2014-жылы №02.01-8/23 сандуу токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан турак жай куруу үчүн берилген 0,10 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин турак жай фондуна кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Каламбеков |