Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-майы № 47
Баткен токой чарбасынын кызматкерлеринин сунушун карап чыгып,жайыт жерлердин катаалдыгын эске алып,Кара-Бак айыл аймагындагы Баткен токой чарбасынын жайыт жерлеринин тарифин бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен токой чарбасынын жайыт жерлеринин тарифи жайлоо мезгилине төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Ири мүйүздүү бодо малга,ат.эшек,төөгө айына бир башка 10(он) сом.
Майда малга кой,эчкиге айына бир башка 2(эки) сом.
Жашы алты айга толбогон мал жандыктарына төлөнбөйт.
2. Бекитилген тарифти Баткен токой чарбасына жөнөтүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |