Редакцияот 16.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы

 

2019-жылдын 16-майы № 48

Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Нишанбаевке ишенбестик көрсөтүү жөнүндө

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин протоколдук тапшырмасынын негизинде “Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, этика,жаштар, коомдук, саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө” боюнча туруктуу комиссиясынын жана “Транспорт, курулуш, өнөржай, суу чарбасы жана жер маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаевке ишенбестик көрсөтүү жөнүндөгү кезектеги сессияга сунушталган чечимдерин кароо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.

2. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүмүнүн 9-бөлүмчөсүнүн негизинде жалпы 21 (жыйырма бир) депутаттардын үчтөн эки добушунан көп 17 (он жети) добуш менен Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаевке ишенбестик көрсөтүлгөндүгү белгиленсин.

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Баткен райондук мамлекеттик администациясына жөнөтүлсүн.

 

Төрага

А. Каламбеков