Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 132 а
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджеттин тартыштына байланыштуу кызмат көрсөтүү жана ар кандай чыгымдар үчүн 22154900 статьясына, 300,0 (үч жүз миң) сом, текущий ремонт үчүн 22211100 150,0 (жүз элү миң) сом, материалдарды чарбалык муктаждыктар үчүн сатып алууга 22221200 статьясына 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатын бекитүү жөнүндө башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевдин сунушун жана бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын токтом долбоорун Үч-Терек айылдык кеңешинин Vl-чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар кандай чыгымдарга 22154900 статьясы менен 300,0 (үч жүз миң) сом, текущий ремонт үчүн 22211100 статьясы менен 150,0 ( жүз элү миң) сом, материалдарды чарбалык муктаждыктар үчүн сатып алууга 22221200 статьясы менен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты бекитилип берилсин.
2. Бекитилген акча каражатын өз багытында жумшалышын камсыздоо жагы башкы бухгалтер Ш. Сатыбалдиевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М. Чолпонкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом wwvv.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |