Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-августу № 1
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн 2018-жылдын 8-августундагы №18 сандуу катынын негизинде Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Хангелдиеванын сунушун угуп жана талкуулап Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын Х – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен айыл өкмөтүндөгү участкалык комиссиялардын курамына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин Ноокен аймактык шайлоо Комиссиясына бекитип берүү үчүн сунушталсын. (Тиркеме тиркелет)
2. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокен айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Муратов |