Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-августу № 2
Ноокен айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 16-февралындагы отуруму Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, обончу-композитор Кадыралы Артыковду “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамына көрсөтүү жөнүндөгү чечиминин негизинде Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын Х – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, обончу-композитор Кадыралы Артыков «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРТИСТИ» ардактуу наамына көрсөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кадыралы Артыковдун «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРТИСТИ» ардактуу наамын алууга талапкерлигин бекитүү суранычы жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Муратов |