НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № 4
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү жөнүндө
Кыргыз Респкбликасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып, талкуулап Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХI – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Н.А. Муратов |