Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 6
Эл депутаттарынын Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XII-сессиясы Шалка айылына асфальт төшөөдолбоорун угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XII-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шалка айылынын көчөсүнө асфальт төшөө долбоорун приоритеттүү деп табылсын жана долбоорго акча каражатын бөлүү үчүн Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна жөнөтүлсүн.
2. Шалка айылынын көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна Ноокен айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым 210,067(эки жүз он миң алтымыш жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Каражат бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы К.Сулаймановко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өкмөт башчы Ж.Н.Эгембердиевке жүктөлсүн.
Төрага | Н.А. Муратов |