Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 1
Эл депутаттарынын Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XIII-сессиясы жайыт комитетинин башчысынын жана айыл тургундарынын кайрылуусун угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XIII-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин башчысы жана айыл тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Бузуулар кодексинин 182-беренесинде жана Жоруктар кодексинин 27-главасынын Айыл чарбасындагы жоруктар. 149-беренелеринин негизинде айып пул салынсын .
3. Өндүрүлгөн айып пулдар Ноокен айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүрүлсүн.
4. Бузуулар кодексинин 182-беренесинде жана Жоруктар кодексинин 27-главасынын Айыл чарбасындагы жоруктар. 149-беренелерин бузгандарды көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин төрагасы жана Айылдык тескөөчүлөргө милдеттендирилсин
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Сулаймановко жөктөлсүн.
Төрага | Н.А. Муратов |