Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 2
Исфана шаар мэриясынын Сүлүктү шаарына насостук станция куруу үчүн 600 кв.м. жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга акысыз берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесине ылайык Исфана шаардык КеңешининV чакырылышынын кезектеги ХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарына насостук станция куруу үчүн 600кв.м. жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга акысыз берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Исфана шаардык Кеңешини төрагасы | Б.И. Тагаев |