Редакцияот 26.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ИСФАНА ШААРДЫК КЕНЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ХXII СЕССИЯСЫ 

 

2019-жылдын 26-февралы № 3

“Исфана жайыт комитетинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету”

 

Исфана жайыт комитетинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчетун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана жайыт комитетинин 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету толук кандуу даяр эмес экендиги белгиленип 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кайрадан отчет берүү жагы Исфана жайыт комитетинин төрагасы Х.Мамыровго милдеттендирилсин.

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Исфана шаардык Кеңешини төрагасы

Б.И. Тагаев