Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы № 73
Торкен айыл өкмөтүнүн Торкен айылынын кичи футболдук аянтчасына, Торкен айылындагы Чоӊ арык каналына щит орнотууга, Көтөрмө айылынын кичи футболдук аянтчасынын тийиштүү документтерин бүткөрүү үчүн атайын фонддон түшкөн акча каражатын бекитип берүү боюнча маселени А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын фонддон Торкен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине келип түшкөн 2300,0 сом акча каражаты Торкен айылындагы кичи футболдук аянтчасына 1500,0 сом, Торкен Чоӊ арык каналына щит орнотууга 500 миӊ сом жана Көтөрмө айылынын кичи футболдук аянтчасынын тийиштүү документтерин бүткөрүү үчүн 300 миӊ сом акча каражаты бөлүштүрүлсүн.
2. Бул акча каражаттары Торкен айылындагы кичи футболдук аянтчасынын курулушу үчүн 3111 беренесине 1500,0 сом, Торкен айылындагы Чоӊ арык каналына щит орнотуу үчүн 500 миӊ сом, мунун ичинен 2215 беренесине 70 миӊ сом, 3111 беренесине 430 миӊ сом, Көтөрмө айылынын кичи футболдук аянтчасынын тийиштүү документтерин бүткөрүү үчүн 2215 беренесине 300 миӊ сом бекитилип берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
5. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
Төрага | У. Бучуков |