Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-майы № 79
Айыл өкмөтүнүн атайын техникаларын иштетүүдө бааларын чечип берүү жөнүндөгү маселени А. Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөүтүнүн атайын кум, таш жүктөөчү машинасы 2500 сом саатына, айыл өкмөтүнүн иши үчүн саатына 2400 сомдон болсун жана ушул сумманын ичинде майы менен кошо эсептелсин, ал эми ХОВА машинасына 1 рейске 1500 сомдон айыл ичинде тариф болуп бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн атайын техникаларын иштетүүдөн түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жана техниканын эрежелерин сактоо жагы жайыт комитетинин төрагасы Токтогазиев Уланга жүктөлсүн.
3. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У. Бучуков |