Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 137/26-7
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 44-беренесинин 8-бөлүмчөсүнө ылайык Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын, стратегиялык пландын 2018-жылда аткарылышы жана 2018-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин отчетун жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын, стратегиялык пландын 2018-жылда аткарылышы жана 2018-жылдын жыйынтыгы менен шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы боюнча Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин отчету жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын билдирүүлөрү эске алынсын жана Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин отчету канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Шаардык кеңештин 2018-жылда кабыл алынган токтомдорунун кээ бир пункттарынын аткарылбагандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ал эми көзөмөлдөө шаардык, кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров), бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |