Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 138/26-7
Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2018-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы, тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча ММБнын башчысы Э.Э.Бабкановдун отчетун, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын аппаратында 14 штаттык кызматкер, 24 жумушчу кароолчу, 24 ар түркүн өнөктүк жумушчулары, жалпы 82 штаттык бирдик бекитилген.
ШММБнын киреше бөлүгү аткаруу максатында 2018-жылдын жыйынтыгы менен жер маселелери боюнча төмөндөгүдөй иштер жүргөн:
- Жер тилкелерин жеке менчикке сатуу боюнча 16 келишим түзүлгөн.
- Мэриянын 25.02.2016-ж. № 45 буйругу менен түзүлгөн муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жана кыймылсыз мүлктөрдү сатуу, ижарага берүү жана аукцион өткөрүү боюнча жер комиссиянын курамында 426 маселе каралган. Алардын ичинен: түз сатык ыкмасы менен 50 жер тилкесине келишим түзүлүп, мунипалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүү жана жеке менчикке сатуу боюнча 5 ирет аукцион өткөрүлүп 62 жер тилкесине келишим түзүлүп, жалпысынан 112 жер тилкеси ижарага берилген. Анын ичинде коммерциялык негизде – 17, багбанчылык-огород – 75, гараж – 6, контейнер коюу – 2, автосервис – 1, тандыр куруу – 1, женил конструкциядан спорт комплексин куруу-1, женил конструкциядан кладовка-1, навес-1, тоок чарба-1, мейманкана-1, самсакана-1, цемент завод-1, жеңил конструкциядан Дата центр ишканасын куруу-1, киоск-1, 15 күндүк ижара келишими менен жеңил конструкциядан цирк аянтчасын орнотуу-1.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин жана Кыргыз Республикасынын ичүүчү суу жөнүндө мыйзамдарынын негизинде Төш-Мазар, Кулданбаев көчөлөрүнүн жана Кетмен-Төбө айылынын жашоочуларына ММБ тарабынан берилген таза сууну пайдалануусуна келишимдин долбоору даярдалган.
Шаардык бюджеттин 2017-жылдын жыйынтыгы менен бош калган үнөм каражаттар төмөндөгүдөй жумуштарга каржыланган:
“Акынай” көчөсүнө (парктын аймагына) балдар аянтчасын короосу менен сатып алып курууга 400,0 миң сом каралып, бир этаптуу усул аркылуу порталга берилип, жыйынтыгында “Жыргалан курулуш” ЖЧКсы менен 388,0 миң сомго келишим түзүлүп, аталган жумуш толугу менен аткарылган.
Ак-Шар көчөсүнө муздак суунун түтүкчөлөрүн алмаштырууга материал сатып алынып иштер аткарылган.
Чон-Таш айылына аялдама курууга материал сатып алууга 150,0 миң сомго келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу тендерге жарыяланган. 149,0миң сомго келишим түзүлүп, материалдар сатылып алынган. Кемчилдиги аялдаманын темир мамычалары сырдалган эмес.
Кара-Көл шаарындагы “Келечек” балдар бакчасынын чатырын жабуу иштери бүтүрүлгөндөн кийин жанындагы музыкалык мектебинин корпусунан жамгырдын суусу тамып калган. Подрячиктерге эскертүү берилген.
Кара-Көл шаардын ички жолдоруна асфальт төшөө иштерине 638,6миң сом каралган. Бирок 2018-жылда “ОРЕКЕ” ЖЧКсы тарабынан шаардын ички жолдорунун асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн эмес.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы №125/23-7 сандуу токтомунун аткарылышы боюнча ММБгы мамлекеттик сатып алуулар боюнча тиешелүү усулдарын колдонуп, тендердин жыйынтыгында аталган токтомдордун иш-чараларынын 2 гана пункту аткарылган:
Кара-Көл шаарындагы көчөлөрдү жарыктандырууга прожектор жана дросель сатып алууга 550,9миң сом каралган. Жарыктандыруулар сатылып алынган, бирок азыркы убакка чейин коюла элек.
Ак-Кыя 1 менен Ак-Кыя 2 көчөлөрүнүн бириккен жолун кеңейтүүгө күйүүчү май сатып алууга 90,0миң сомго келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу тендерге жарыяланып, жыйынтыгында “Альфа Ойл” ЖЧКу менен 89,2 миң сомго келишим түзүлүп, күйүүчү май сатып алынган.
Ал эми калган иш-чаралар тендерге жарыяланган, бирок катышуучулар жок болгондуктан аткарылбай калган.
Жогорудагы Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2018-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы, тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча отчетун карап, талкуулап чыгып, шаардык кеңештин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2018-жылда аткарган иштери, муниципалдык менчиктин сакталышы, пайдаланышы, тендерлердин өткөрүлүшү жана аткарылган иштердин сапаты боюнча отчету эске алынсын жана канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Түзүлгөн келишим боюнча жасалып жаткан жумуштардын сапаттуу аяктоосун көзөмөлгө алуу, аларга болгон талапты күчөтүү милдети шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов) жүктөлсүн.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабканов) 2018-жылга пландалып, бирок толук бүтпөй калган жумуштарды бүтүрүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (Э.Э.Бабаканов), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |