Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 140/26-7
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б. Кыдыралиевдин жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштери жөнүндө отчетун, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б. Кыдыралиевдин жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштери жөнүндө отчету, Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б. Кыдыралиевдин жайыт комитетинин 2018-жылда аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
3. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (С.Б.Кыдыралиев) Жайыт мыйзамынын талаптарын так аткаруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине (С.Б.Кыдыралиев) жана Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгына (Г.А.Таштанкулова), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына ( А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |