Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 144/26-7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 32 -беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7 токтомунун 1-тиркемесиндеги Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентинин 12-Главасы төмөндөгүдөй бөлүк менен толукталсын:
12.6. Депутаттар сессиянын жыйналыштарына катышууга келгенден кийин, сессия бардык маселелерди карап жабылганга чейин жүйөлүү себептерсиз аны таштап кетүүгө жол берилбейт. Сессиянын жүрүшүндө төрага танапис жарыялаганга чейин сыртка чыгып кетүүгө жол берилбейт.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 16.03.2017-жылдагы № 6/3-7 токтомунун 1-тиркемесиндеги Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө Регламентинин 3-Главасынын 3.2. бөлүгүнүн 1- абзацына “шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана алып барат” деген сөздөрдөн кийин жана сессиянын жүрүшүндө танапистерди жарыялай алат” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык кеңештин төрагасына (Б.Н.Кыргызалиев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (У.С.Эшенкулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |