Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-марты № 146/26-7
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт комитетинин төрагасы С.Б.Кыдыралиевдин Арис долбоорунун алкагында сатып алынган LOVOL FL 953 маркасындагы атайын техниканын коммерциялык багытта кызмат көрсөтүүсүнүн тарифине өзгөртүү киргизип берүү жөнүндө кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 10.10.2018-жылдагы № 106/21-7 сандуу токтомунун тиркемесине төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин.
- 2 саатка чейин жумуш аткарууга ар бир саатына 3000 сом;
- 4 саатка чейин жумуш аткарууга ар бир саатына 2000 сом;
- 8 саатка чейин жумуш аткарууга 7000 сом ( күйүүчү май өздөрүнөн);
- узак мөөнөттүү ижарага алуучуларга күнүнө 7000 сом ( күйүүчү май өздөрүнөн)
2. LOVOL FL 953 маркасындагы атайын техника бир орундан экинчи орунга жумуш аткарууга бараткан учурда, жумуш ордуна жетүү үчүн керектелүүчү күйүүчү май жайыт комитети тарабынан куюлат.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт комитетинине ( С.Б.Кыдыралиев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |