Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
2019-жылдын 11-февралы № 2
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебинде 2018-жылдан калган калдыктын эсебинен 2019-жылдын бюджетинин I кварталынын чыгаша бөлүгүнө кошумча смета киргизүү максатында Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдан калган 3868,7 миң сом калдык 2019-жылдын аппарат бөлүмүнүн чыгаша бөлүгүнүн 3111 «имараттар жана курулуштар» беренесине 2844,5 миң сом, 3112 «машиналар жана жабдуулар» беренесине 904,2 миң сом, клуб бөлүмүнүн 2222 «түрдүү материалдарды жана буюмдарды алуу» беренесине 20,0 миң сом, балдар бакчасы бөлүмүнүн 3111 «имараттар жана курулуштар» беренесине 100,0 миң сом бөлүнүп иштетилсин.
2. Кыштут айыл өкмөтүнүн бюджетинин аппарат бөлүмүнүн атайын каражаттар эсебинен 2018-жылдан калган 60,5 миң сом калдык, 2019-жылдын чыгаша бөлүгүнүн I кварталынын 3111 «имараттар жана курулуштар» беренесине 60,5 сом бөлүнүп иштетилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айылдык кеңешинин экономика, финансы жана бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Зикиров |