Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы № 97/16-27
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4 беренесинин 3 пунктуна ылайык, ошондой эле Жайыт пайдалануучулардын коомунун Жайыт комитетинин төрагасы К.Джумалиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жайыттарды натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу үчүн, Орловка шаарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулардын коомунун Жайыт комитетинин 2018-жылдын бюджетин аткаруу боюнча отчетун эске алуу.
2. Жайыт пайдалануучулардын коомунун Жайыт комитетинин 2019-жылга сунуш кылынган бюджетти жана иш планын бекитүү.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.С.Бейшеналиевке жүктөлсүн.
Төрага | Д.С. Сарбаев |