Редакцияот 24.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орловка шаарынын Кеңешинин XXVII чакырылышынын XVI кезектеги сессиясы

 

2019-жылдын 24-январы № 100/16-27

Орловка шаарынын мэриясынын 2018 жылдын коомдук-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча отчету жана 2019 жылга коомдук-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 беренесине ылайык, ошондой эле 2018 жылдын коомдук-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча отчетун угуп жана 2019 жылга коомдук-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулап чыгып, Орловка шаарынын Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орловка шаарынын мэриясынын коомдук-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча отчетун эске алуу.

2. Орловка шаарынын мэриясынын 2019 жылга коомдук-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилсин (№1 Тиркемеге ылайык).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри-Б.А.Чанчаровко жана туруктуу Бюджет жана каржылык маселелери боюнча комиссиянын төрагасы-И.А.Мурзалиевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.С. Сарбаев