Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы № 101/16-27
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын мэриясынын каржы бөлүмүнүн 2019-жылга бюджеттин долбоору боюнча кирешелер жана чыгымдар сметасын жана 2020-2021 жылдарына божомолун карап жана талкуулап чыгып, бюджет жана каржылык маселелери боюнча туруктуу комиссиянын өзгөртүүлөрүн жана толуктоолорун киргизүүдөн кийин, Орловка шаарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019 жылга Орловка шаарынын бюджетин бекитүү:
- 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 64682,7 миң сом суммасында, алардан 60642,7 миң сом – бюджеттик каражаттар, 4040 миң сом – атайын каражаттар (№ 1 Тиркемеге ылайык).
- 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү, атайын эсепти эске алуу менен 64682,7 миң сомду түзөт, (№2 Тиркемеге ылайык), анын ичинде бөлүмдөр боюнча:
-70111 «Мэрия аппараты»- 6975,1 миң сом –бюджеттик каражаттары;
40,0 миң.сом –атайын каражаттары;
-70111 «Жергиликтүү Кенеш»- 1004,9 миң сом –бюджеттик каражаттары;
-70629 «ТЖКК»- 30651,1 миң сом –бюджеттик каражаттары;
-70823 «Маданият»- 2885,1 миң сом –бюджеттик каражаттары;
-71092 «Соц.камсыздоо»- 1185,5 миң сом – бюджеттик каражаттары;
-70911 «Бала Бакчалары»- 9207,1 миң сом – бюджеттик каражаттары;
4000,0 миң сом – атайын каражаттары;
-70921 «Орто мектептери»- 6713,9 миң сом- бюджеттик каражаттары;
-70961 «ЖСМ»- 1700,0 миң сом – бюджеттик каражаттары.
-70429 «Жайыт комитети»- 320,0 миң сом – бюджеттик каражаттары.
2. Ай сайын 11 адамдан турган Орловканын коммуналдык кызматкерлерине 2500,0 сом өлчөмүндө атайын тамак-аштарына жана 3500,0 сом өлчөмүндөгү коммуналдык кызматтары боюнча льготаларды төлөө үчүн каражаттарды чыгаша сметасында алдын ала караштыруу.
3. Мэриянын кызматкерлерине 20 адам санында күзгү-кышкы мезгилге карата катуу күйүүчү май сатып алуу үчүн жалпы 240,0 миң сомго бир жолку материалдык жардамды төлөө үчүн каражаттарды чыгаша сметасында алдын ала караштыруу. Мобилдик байланышын пайдалануу үчүн ай сайын 7400 сомдон мэриянын аппаратына бөлүп берүү.
4. Айына 600 сом суммасында балдар бакчасында бир бала үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн белгилөө, бул каражат азык-түлүк үчүн пайдаланылат.
5. Жылына 6000 сомдон педагог кызматкерлерине коммуналдык кызматтары боюнча льготаларды бекитүү.
6. 2019 жылга тамак-аш үчүн 1-4 класс окучууларына кошумча акы бекитүү: №1 Орловка орто мектебинде 302 киши, №2 Орловка орто мектебинде 323 киши, бир балага бир күндө 2 сомдон жана 18 сом бала бакчадагы бир балага бир күндө.
7. 2020-2021 жылдарынын киреше бөлүгүнүн болжолун тиешелүү түрдө 80312,7 миң сом жана 96831,7 миң сом суммаларында, ошондой эле чыгаша бөлүгүнөн 2020 жылга 76272,7 миң сом бюджеттик каражаттар, 4040 миң сом атайын каржаттар, 2021 жылга 97791,7 миң сом бюджеттик каражаттар, 4040 миң сом атайын каражаттар боюнча бекитүү. 2020-2021 жылдары үчүн көрсөткүчтөр, кийин ар бир жыл үчүн бекитилген бюджети боюнча тиешелүү түрдө, такталат деп белгиленди.
8. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджеттин атайын эсебинен -1710,2 миң сом суммасында жеткиликтүү балансын таратып берүү
- Бала бакчалар: учурдагы ремонт -122,7 миң сом.
- ТЖКК: видео көзөмөл -480,0 миң сом.
- ТЖКК: унаа сатып алуу -500,0 миң сом.
- БУУӨП(ПРООН): долбоорлор -607,5 миң сом.
9. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджеттинен -13000,0 миң сом суммасында жеткиликтүү балансын таратып берүү
- ТЖКК: жолдорду оңдоо, жарык берүү -6290,5 миң сом.
- ТЖКК: “Теремок” б/б чатырын оңдоо -1800,0 миң сом.
- ТЖКК: материалдарды сатып алуу -21,9 миң сом.
- ТЖКК:саны иликтөөчүү кызматы, техникалык көзөмөл -93,0 миң сом.
- ТЖКК: балдар аянтчалары -300,0 миң сом.
- Аппарат жетекчилиги: э/а -974,3 миң сом.
- Социалдык фондко чегерүүлөр -168,1 миң сом.
- Маданият үйү: парк тосмого -331,9 миң сом.
- Маданият үйү: жабдууларды сатып алуу -89,5 миң сом.
- “Ромашковый сад” б/б: капиталдык ремонт -2901,0 миң сом.
- Жайыт комитети: башка чыгымдар -29,8 миң сом.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэрине – Б.А.Чанчаровка жана Бюджет жана каржылык маселелери боюнча комиссиянын төрагасы-И.А.Мурзалиевке жүктөлсүн.
Төрага | Д.С. Сарбаев |