Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы № 105/16-27
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 59 беренесине ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын Кеңешинин 19 апрель 2018 жылдын №62/9-27 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештин Улуттук курултай өкүлдөрү жөнүндө" жобосуна таянып, Орловка шаарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын жергиликтүү коомчулук Курултай уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиясын төмөнкү курамында түзүү:
1) Мамаев К.Ч. –комиссиянын төрагасы (Орловка ш. вице-мэри);
2) Карагулова Г.И. – комиссиянын мүчөсү (Орловка ш. мэриясынын аппарат жетекчиси);
3) Сатыбалдиева М.К. –комиссия мүчөсү (ОШК жоопту катчысы);
4) Рахматов Б.М. –комиссия мүчөсү (ОШК депутаты);
5) Бараков М.В. – комиссия мүчөсү (ОШК депутаты);
6) Кириллов М.И. –комиссия мүчөсү (аксакалдар сотунун төрагасы);
7) Рахимов М. –комиссия мүчөсү (жаштар жыйынынын төрагасы).
2. Орловка шаарынын шайланган жергиликтүү коомчулук Курултайдын делегаттарына, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү мандаттарын берүүгө Орловка шаарынын жергиликтүү коомчулук Курултай уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын Кеңешинин төрагасынын орун басарына – Б.М.Шакировко жана Орловка шаарынын мэрине –Б.А.Чанчаровко жүктөлсүн.
Төрага | Д.С. Сарбаев |