Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-январы № 1
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевдин 2018-жылдагы аткарган иши канааттандырарлык деп табылсын жана 2019-жылга иш планы кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин, Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына ченемдик актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Көк-Ирим айыл аймагынын жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Топоев |