Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-майы № 3/4
Күнтуу айылдык кеңеши талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл аймагындагы «Таза-Күнтуу»-муниципиалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жана каржылык жагынан көзөмөлгө алып текшерүү үчүн комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн;
· Козубеков М.С - комиссиянын төрагасы, айылдык кенештин депутаты;
· Айылчиев Р.М - комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты;
· Тагаев Н.Н - комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты;
· Бейшеналиева У.Дж- комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөтүнүн кызматкери;
· Джумакадыров А.Дж- комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөтүнүн кызматкери;
2. «Таза-Күнтуу»-муниципиалдык ишканасынын директору В.Шиловго ар айдын 25-числосунда каржылык жактан жана баардык ишканага тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр, таза суу долбоорунун жүрүшү боюнча жазуу жүзүндө отчет берилип турулуусу милдеттендирилсин;
3. Комиссиянын төрагасы Козубеков М.С. ар квартал сайын комиссиянын жыйынтыгын, Күнтуу айылдык кенешине маалымат катары берип туруусу жүктөлсүн;
4. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б. Астаркулов |