Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-майы № 3/5
Күнтуу айылдык кеңеши талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тракторду соко менен айдаганга бир гектар жер аянтына миң сом, жыйырма литр күйүүчү майы;
2. Трактор менен малалаганга бир гектар жер аянтына алты жүз сом жана он литр күйүүчү майы;
3. Чөптөрдү түктөгөнгө, бир даана түгүнө беш сом жана бир гектар аянт жерине он литр күйүүчү майы;
4. Чөптү айыл ичине чиркегичке тартып келгенге беш жүз сом жана беш литр күйүүчү майы;
5. Айыл ичиндеги жакшылык-жамандыкка суу бочкасын сүйрөп барууга үч жүз сом;
6. Механизатордун айлыгы жана оңдоп түзөөсүнө 40 пайыз иштелген каржыдан бөлүнүп берилсин, ал эми 60 пайызы айыл өкмөттүн бюджетине төгүлсүн;
7. Жайыттарды жакшыртуу багытында, келишимдин негизинде трактор керек учурда бөлүнүп берилсин, калган убакта айыл аймактын жашоочуларына атайын бекитилген акыга кызмат көрсөтүлсүн жана түшкө акча каражаты Күнтуу айыл өкмөтүнүн бюджетине жайыт комитети тарабынан төгүлсүн;
8. Токтомдун аткарылышын Күнтуу айыл өкмөтүнүн кызматкери, ФЭО башчысы Т.Аранжанова көзөмөлгө алсын;
9. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
10. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Б. Астаркулов |