Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-декабры № 77/19/27
Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекованын "Люксембург айыл аймагынын 2018-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2019-жылга Люксембург айыл аймагынын бюджетин бекитүү жөнүндө" маалыматын, айылдык кеңештин сессиясы жергиликтүү бюджеттин чыгымдары айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталып, максаттары так көрсөтүлүп, каражаттар, ар бир беренеге ылайык бөлүнгөнүн белгилегендигин угуп жана талкуулап Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекованын маалыматы эске алынсын.
2. Люксембург айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджети атайын эсеп менен кошо 20234,8 миң сом өлчөмүндө төмөнкүдөй бөлүнүп бекитилсин:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр – 4052,7 миң сом;
- турак-жай коммуналдык чарба – 9135,4 миң сом;
- китепкана – 391,7 миң сом;
- маданият – 280,4 миң сом;
- Киршелк орто мектеби – 1077,5 миң сом;
- Я.Я.Ваккер атындагы орто мектеби – 2500,7 миң сом;
- бала бакча – 1416,4 миң сом;
- социалдык коргоо – 1000,0 миң сом;
- атайын эсеп – 380,0 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комисиясынын төрагасы А.И.Сейталиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |